Menu

Кыргыз балет бийчиси Фарух Садыркулов “Дүйнөнүн жаш балети” конкурсунда 3-орунга татыды

Бөлүшүү:

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркулов “Дүйнөнүн жаш балети-2019” аттуу 7чи Эл аралык фестивалга катышып кайтты. Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Досмат Садыркуловдун айтымында конкурс Сочи шаарында өтүп, 15 өлкөнүн бийчилери катышкан.

“Биздин театрда ремонт иштери жүрүп, даярданууга кыйын эле болду. Ошого карабай, үчүнчү орунга татып олтурабыз. Бул башынан оор күндөрдү кечирип жаткан кыргыз балети үчүн кубанычтуу окуя”, – деди ал.

Фарух болсо, конкурска даярдануу кыйынга турганын жашырбады. “Конкурска эки ай калганда, биз эс алууда элек. Сезондун башталышында формага келүү татаал болду”, – деди ал.

Негизи конкурска чоң категорияда 24, жаштар категориясында 40 катышуучу болгон. Жалпы жонунан 70 бийчи катышкан. Экинчи турга чоңдордон 22, жаштардан 24 бийчи өткөн. Финалда  чоңдордон 12, ал эми жаштардан 10 бийчи калган.

Биринчи орунга Орусиянын Новосибирск жана Москва шаарларынын, экинчи орунга – Армения менен Казакстандын бийчилери татыктуу болсо, үчүнчү орунду – Жапониянын, Италиянын жана Кыргызстандын бийчилери ээ болгон. Фарух 7 бийди бийлеген экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: