Menu

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымын жогору баалады

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БДСУ) Башкы директору Роберто Азеведо  менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БДСУнун ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечеги тууралуу талкуулашты. Министр Кыргызстан БДСУга 1998-жылы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи болуп кошулуп, бул Уюмда мүчөлүктүн артыкчылыктарын сезип жаткандыгын билдирди жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан мамлекет катары бул фактка өзгөчө маани берээрин баса белгиледи. Кыргызстандын БДСУга мүчөлүгүнүн 21 жыл ичинде өлкөнүн соода жүгүртүүсү – 1,404 млрд. АКШ доллардан 6,672 млрд. АКШ долларына чейин 4,5 эсеге көбөйгөн. Кыргыз Республикасы БДСУнун 130дан ашуун мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүзөт. Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө БДСУга мүчө-өлкөлөр 93,6% ээлейт, анын ичинде, экспортто – 89,1, импортто – 95,2%.

Тараптар Кыргызстандын БДСУнун алкагындагы бир катар негиз болуучу эл аралык документтерге кошулуу келечегин, ошондой эле өлкөгө карата күчүнө кирген БДСУнун конвенцияларын жана макулдашууларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргызстан экологиялык таза жана органикалык продукцияны өндүрүүчү жана жабдып туруучу мамлекет катары дүйнөлүк соодада өзгөчө орду бар экендигине, буга байланыштуу БДСУнун аянтында башка кызыкдар мамлекеттердин тобу менен бирге органикалык таза айыл чарба товарлары үчүн либералдык шарттарды түзүү жана алар менен соода жүргүзүүнү алдыга жылдыруу механизмдерин киргизүү эрежелерин иштеп чыгуу тууралуу демилге көтөрүү мүмкүндүгүн караштырып жаткандыгына көңүл бурулду. Министр кыргыз тарабы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистеринин жана академиялык чөйрө өкүлдөрүнүн дараметин күчөтүүгө багытталган улуттук жана эл аралык тренингдерди өткөрүү тармагындагы БДСУнун Катчылыгы менен болгон кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигин билдирип, Уюмдун Катчылыгы тарабынан кыргыз тарапка үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан консультациялык, техникалык жана билим берүү жаатындагы көмөк көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, БДСУнун Башкы директору Р.Азеведо Кыргызстандын эл аралык соода жүргүзүүгө кошкон салымын жогору баалап, аны чыңдоо үчүн өлкөнүн жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: