Menu

Эми “Ала-Арча” паркына “өз кишилер” дегендерди киргизишпейт. Кире беришине жаңы тосмо коюлду

Бөлүшүү:

Ошентип мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш паркына автоматташтырылган тосмо системасы орнотулду. Парктын директору журналисттерге автоматташтырылган тосмо жөнүндө айтып берди. Бул ой президент менен өкмөттүн иш башкармалыгы тарабынан демилгеленип, санариптик иштер жасалган.

“Система бир автоунаадан гана төлөм алат. Мурда бир машинеден 250 сом, айдоочу менен жүргүнчүлөрдөн 80 сомдон алынчу. Кээде автобус менен 40 киши келип калар эле. Бул коррупциялык схеманын түзүлүшүнө шарт түзчү. Эми андай болбойт”, – дейт директор.

Бул системаны орноткон “Дарбаза-Автоматик” ЖЧКсынын башкы директору Валерий Марега системанын иштегенин түшүндүрдү:

“Автоунаа биринчи тосмого келет да, ал дароо ачылат. Видеокамера автонун көлөмүн текшерген зонага кирет: жеңил машине – 500 сом, микроавтобус – 1000 сом, автобус – 2500 сом төлөйт. Төлөмдү айдоочу же жүргүнчү кассирге же терминалга төлөйт, андан унаанын мамномуру, төлөнгөн сумма басылып чыгат. Терминал ашыкча акчаны да кайтара алат. Төлөнгөндөн кийин тосмо автоматтык түрдө өзү ачылат. Паркка жөө киргендер үчүн акы 80-100 сомду түзөт. Велосипед, мотоунаага да 80-100 сом”.

Прейскуранттар антимонополиялык кызмат тарабынан бекитилген.

“Былтыркыга салыштырмалуу бул сентябрда 500 миң сомго көп каражат түштү. 2018-жылы парктын бүджетине 9 млн сомдой түшкөн. Анын бардыгы паркты тейлөөгө кетет. Кирешебиз эми көбөйөт деген ишенимдебиз”, – дейт парктын директору.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: