Menu

Фото – Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кызын узатып той берди. Сыйлуу коноктордон Камчы Көлбаев менен Ахматбек Келдибеков болду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаевдин бир кездеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев жакында кызын күйөөгө берип чоң той өткөрдү. Бул тууралу бизге тойдун конокторунун бири билдирди.

Эркин Мамбеталиев өзү өткөргөн кыз узатуу тою Бишкектин Чапаев көчөсүндөгү “Бермер Палас” ресторанында өтүп, ага 400 конок чакырылган. Эң сыйлуу коноктор болуп Камчы Көлбаев жана Ахматбек Келдибековдор келишип, тойдун аягына чейин кетип калбай олтуруп беришкен. Алардан башка 8дей депутат тойго катышып олтурган. Той “Халал” форматында өтүп, арак-шарап куюлган эмес.

Андан эки күн өткөндөн кийин күйөө бала тарап үйлөнүү үлпөтүн Бишкектин Сухе-Батор көчөсүндөгү “Palazzo” ресторанында 250 конок чакырып өткөргөн. Андан 50 орун Эркин Мамбеталиевдин жакындарына берилген.

Мамбеталиевдин кызы 25 жашта, ал эми күйөө баласы 33 жашта, Бишкек шаардык финполициянын тергөөчүсү болуп иштейт. Жөнөкөй үй бүлөдөн. Бактылуу болушсун.

Баса, тойдо 2010-жылы Убактылуу өкмөт КРнын Генпрокурору кылып дайындаган, айтылуу Азимбек Бекназаровдун курсташы Байтемир Ибраев да катышып, узакка созулган куттуктоо сөзүн айткан. Байтемир Ибраев менен Азимбек Бекназаровго Эркин Мамбеталиевдин карызы тоодой болсо керек. Анткени мына ушул кишилер Атамбаевдин буйрутмасы менен өмүр бою кесилип, абакта олтурган Эркин Мамбеталиевди эки-үч айда абактан камырдан кыл сууругандай сууруп чыгышкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: