Menu

2020-жылдан тарта Кыргызстанда тыштан ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көбөйөт

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт.

Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйүп. наркы асмандайт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Мындан улам Мамлекеттик бажы кызматы тыштан унаа алдырып келип айдап жүргөндөр автоунааларын жаңы жылга чейин бажылык тариздөөдөн өткөрүп алсын. Автоунааны тыштан алып келүүгө буюртма бергендер дагы жогоруда көрсөтүлгөн убакытты эске алышсын деп эскертти.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Экономика министрлиги ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар экенин кабарлаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн 17 304 автоунаа ташылып келген. Алардан 1 млрд. 659 млн. 439 миң сом бажы алымы түшкөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: