8-октябрь күнү Кёльн шаарынын Кѳргѳзмѳ борборунда КРнын ГФРндагы Элчиси Э. Оторбаев 5-9 октябрда «Ануга» эл аралык ири тамак-аш кѳргѳзмѳсүндѳ катышып аткан «Кыргызцентрпродукт», «Sun Planet», «Balary», «Oimo foods» жана башка Кыргызстандын компанияларынын, ошондой эле КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, КРнын Соода жана ѳнѳр-жай палатасы ѳкүлдѳрү менен жолугушту.
Кыргызстандык ишкерлер менен Кыргызстандын экспортко багытталган продукциясынын акыбалы жана потенциалы, кѳргѳзмѳнүн жүрүшүндѳ чет элдик ѳнѳктѳштѳр менен жетишилген келишимдер, жана ошондой эле Германия жана Европанын башка ѳлкѳлѳрүнѳ экспортту жѳнгѳ салуу боюнча келечектеги биргелешкен кадамдар тууралуу талкууланды.
Кыргыз компанияларынын продукцияларын Европанын базарларына экспорттоого кѳмѳктѳшүп келген ГФРнын Импортту жѳнгѳ салуу мамлекеттик программасы (Import Promotion Desk) менен Кыргыз Республикасынын экспорт потенциалын жогорулатуу алкагында үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүлүп келет. Бул жылы IPDнин стендинде тѳѳ бурчак, жаңгак жана мѳмѳ-жемиш кактарын экспорттоо менен алектенген «Кыргызцентрпродукт» компаниясынын продукциясы коюлду.
«Ануга» эл аралык кѳргѳзмѳсү дүйнѳнүн бардык ѳлкѳлѳрүнүн тамак-аштын түрдүү багыттарында (чийки продукция жана ингридиенттер, био-органика, Кошер, адал жана вегетириандык тамак-аштар, ж. б.) иш алып барган ѳндүрүшчүлѳрдү, экспорттоочуларды, камсыздоочуларды жана дистрибъютерлерди бириктирген дүйнѳнүн эң ири айдыңы болуп эсептелет. Быйыл бул кѳргѳзмѳ 100 жылга толду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ