Menu

Кундуз Жолдубаеваны камакка алуу катачылык болот!

Бөлүшүү:

КСДП саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаевага каршы Алга Кылычев көрсөтмө берип атканы, ошонун негизинде камакка алуу аракеттери болгону коомчулукту тынчсыздандырууда. Кылычев жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн жалган жалааларды жаап, чагымчылык кылышы толук мүмкүн. Бул жагын дыкат тактабай туруп эле Кундуз Жолдубаеванын кичинекей кызын ыйлатып, камап салуу акылга сыйбаган жорук болбойбу? Гумандуулук да болуш керек го? Принцибинде бекем турган, саткынчылыкка барбаган жалгыз бой энени күчкө салуу менен камакка алуу көпчүлүктү нааразы кылат. Андыктан, мыйзамдуулукту сактоо иретинде бул ишти кылдат кароо керек. Эгерде кандайдыр бир нерсеге шек туулса, камабай деле тергөө иштерин жүргүзүп, анан Кундуз айымдын да чындыгын угуш керек. Ал эркиндикте жүрүшү зарыл. Сөзсүз эле темир тордун аркасына жөнөтүү логикага туура келбей калат. Кандай болгон күндө да бул жерде саясат бар. Аныгында, саясый туткун катары мүнөздөлүшү турган иш. Ошон үчүн кордук кылуудан бийик болуп, акыл калчап, туура кадам таштасак. Мындан ары бийлик жаңылбашы керек, айрым саясый процесстерге айкөлдүк кылса неге болбосун?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: