Menu

Фото – Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрѳт кѳргѳзмѳсү ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн Ала–Тоо  аянтында  Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган кѳргѳзмѳ ачылды. Салтанаттуу кѳргѳзмѳгѳ белгилүү инсандын архивиндеги, тактап айтканда жумуш учурундагы жана сыйлык алуу мезгилиндеги сүрѳттѳр коюлуп, коомдогу жарандарга үлгү катары кѳрсѳтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Т.Усубалиевдин неберси, Бишкек шаарынын Кеңешинин депутаты  Усубалиев Э.С., КРнын Президенттик аппаратынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, вице-мэр Татьяна Кузнецова жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышышты. Келген коноктор ар бир сүрѳттү кылдаттык менен карап, анын тарыхына маани берип жатышты. Ошондой эле  кѳргѳзмѳгѳ кызыгуу арткан окуучулар биринен-сала экинчиси  келген конокторго суроо да узатпай коюшкан жок. Уюштуруучулардын айтымында,  сүрѳт кѳргѳзгѳзмѳсүн даярдоого жарым жылдык убакыт кеткен. Сүрѳттѳр ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин борбордук аянттан алынбайт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: