Menu

Балыкчыда киши өлтүрүү болду

Бөлүшүү:

Балыкчы шаарында 7-октябрда достор арак ичип олтурушуп, аягы киши өлтүрүү менен аяктады. Бул тууралуу 10-октябрда Ысык-Көл ИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 7-октябрда эртең менен милициянын күзөт бөлүмүнө медицина кызматкерлеринен телефон чалуу болуп, эки көчөнүн кесилишинен азиат улутундагы кишинин өлүгү табылганын айтышкан. Окуя болгон жерге тескеген ыкчам топ барып, эксперттер маркум ур-токмоктон курман болгонун аныкташат. Каза болгон адамдын башына катуу нерсе тийгендей, аны далилдөө үчүн сөөктүн жанында жаткан кандын тактары бар айнек бөтөлкө алынган. Бул жергиликтүү тургун К.Таалай болуп чыккан.

Кылмыштын сары изине түшүп, шектүү катары 37 жаштагы М.Данияр колго түшүрүлүп, ал күнөөсүн дароо мойнуна алган. Анын айтымында, 6-октябрдан 7-октябрга караган түнү алар арак ичишип, мас болуп калышыптыр. Сөздөн-сөз чыгып кетип, мушташа кетишет. Ошондо арактын бөтөлкөсү менен беркини башка койгулай берген экен. Тигинин дем албай калганын көрүп, коркконунан качып кетиптир. Бул факт Кылмыштар жана жоруктар реестерине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: