Menu

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата: Бактысын милицияга байлаган Эрнис Муратбек уулу

Бөлүшүү:

Ар бир кесип ардактуу. Анын ичинен укук коргоо органдарынын, милиция кызматкерлеринин коомдо ээлеген орду чоң. Коомдук тартипти сактоодо, мыйзамдуулуктуу камсыздоодо жана жарандардын укуктарын сактоодо, кылмышкерлер менен күрөшүүдө жеке кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын четке кагып, элдин бейпилдигин ойлоону милиция кызматкерлери милдети катары кабыл алышат.

Ошол себептен ички иштер кызматын аркалоо, милиция кесибине ээ болуу коомубузда ардактуу десек болот. Анткен менен коомчулукта жарандарга мыйзамдуулукту жеткирүүдө бул ийгиликтердин артында күч органдарынын мээнети турат. Мына ушундай ары оор, ары жоопкерчиликтүү ошол эле маалда сыймыктуу кесипти аркалап жаткандардын катарында Эрнис Муратбек уулу да бар.

Бактысын орган тармагына байлаган маектешим милициянын капитаны. Бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматын жетектеп келет. Эрнис мырза менен маектешип олтуруп анын өз ишин билген адис гана эмес дүйнө таанымы кең, сөз чебери экенине да ынандым.

Дарыгер болуу кыялын милицияга алмаштырып…

Жашоодо кээде кайсы бир окуя адамдын бүт өмүрүндө чечүүчү роль ойноп калат эмеспи, анын сыңарындай аскерге барып, мекенге кызмат өтөө каарманымдын жашоосунда да чечүүчү роль ойноп, бурулуш жасаган экен. “Кесиптештеримдин кебин угуп отурсак, көбүнчөсү милиция болууну бала күнүнөн көксөп, дегдеп келгенин айтышат эмеспи. Бирок мен кичинекейимде дарыгер болгум келчү. Ошол себептен өзүмдү ак халатчан дарыгер элестетип алар элем. Күндөр өтүп, эр жетип, эр азамат болгондо аскерге кызмат өтөөгө чакырылып калдым. Барып өзүмдүн атуулдук парзымды, жигиттик милдетимди аткарып келдим. Бирок, ошол жактан менин оюм өзгөрдү. Орган кызматкерлеринин жумушу, кызматы жагып калды. Милиция кызматкери болгум келди. Пландап, алдыма чоң максаттарды коюп, эч ойлонбой туруп милиция тармагына бет алдым”-деп, бакытын издөөнүн багытын милицияга кантип бурганын баяндады.

Жашоодо кесип жана жар тандоодон жаңылбаш керек Ооба, балалык кыял, өмүрдө өтөй турган изги тилек дегендерди алмаштыра коюу эле оңой эмес да. Бирок, алмаштыруу өз натыйжасын оңунан берсе ийгилик жылмайбай койбойт эмеспи. Мунун анык мисалын Эрнис мырза “Туура эле кылыптырмын, азыр өкүнмөк турсун, кайра сыймыктанам. Бул турмушта сүйгөн ишиң менен алектенүүдөн өткөн жыргалчылык барбы? Анын үстүнө кесибим аркылуу көп нерсеге жетиштим. Ушул жерден өмүрлүк жубайымды жолуктуруп, үй-бүлө курдум. Жашоодон тапкан байлыгым үй-бүлөм. Эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим да ушул эле Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө эмгектенет. Бир жерде, бир тармакта иштегендиктен, келинчегим менин жумушумду түшүнөт. Жашоодо кесип тандоодон жана жар тандоодон жаңылбаш керек деген кеп бар эмеспи. Дайыма колдоп турган ушундай жарга жолуктурган Жаратканга миң мертебе шүгүр келтирем”-деген сөзү менен далилдеп берди.

Кызматыңды татыктуу аркала, элге керектүү кызматкер бол!

Жашоо бул улуу мектеп деген өңдүү маектешим Ички иштер органы аны тарбиялап, көп нерсеге үйрөткөнүн айтат. “Эл менен иштегенге үйрөнүп, коомчулук менен бирге болгонго аракет кылам. Эл менен сый мамиледе болгонго, элге сылык мамиле көрсөтүүгө аракет жасайм. Чынын айтканда милиция тармагы эң сыймыктуу кызматтардын бири. Ошондуктан ардактап, жакшы иштөө керек. Кызматыңды татыктуу аркалап, элге керектүү кызматкер болушуң керек. Жаман иштерге чалынбай, терс сапаттарынан арылып, мүнөзүн, элге кылган мамилесин оңдоосу талапка ылайык. Ошондо элдин ишеничине кирет, сыйына татыйт. Министрибиздин негизги талабы да, коомчулуктун бизден күткөнү да ошол. Ички иштер органынын иши жакшырса экен, мындан дагы жакшы деңгээлге чыкса экен деген менин тилегим, үмүтүм да ошол” – дейт маектешим Эрнис мырза.

Сырткы келбет менен ички маданият шайкеш келүүсү керек

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бүгүнкү күндө эл арасында милицияга карата ар кандай терс пикирлер айтылып келет. Милициялардын коомчулукка кылган мамилеси, кызматкерлердин этикалык жүрүм-туруму туурасында айтылган сындарды укканда чычалап, намыстанып кетем. Бирок, аз да болсо чындыгы бар экенин билем. Кандай болгон күндө да биз бул нерсени жоюшубуз керек.

Адамдын сырткы келбети дароо көзгө чалдыгат. Ошондуктан биринчи формага көңүл буруп, сырткы келбетти оңдошубуз керек деп ойлойм. Ар бир орган кызматкердин формасы таза, жарашыктуу болушу керек. Андан кийин ишин таза аткарышы зарыл. Ошого улай ички маданият да өсүүсү шарт”-деген каарманым ары калыстыгы, ары намыскөйлүгү менен жүрөк жылытты. Эгер милициянын катарында Эрнис мырзадай кызматкерлердин саны арбыса жана так ушундай чынчыл, сергек ой жүгүртө билген жаңы муун келе жаткан болсо анда биздин келечек ишенимдүү коргоодо экен деп толук ишенсек болот.

Жазнура Токтоболотова

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: