Menu

Новосибирскте мушташтын азабынан 11 кыргызстандык мигрант кармалып, өлкөдөн чыгарылганы турат

Бөлүшүү:

Новосибирсктеги жапырт мушташтан кийин полиция Хилокский базарынын тегерегинде 200дөй мигрантты текшерип, 30 кишини кармады. Атайын кармоо жайында 11 кыргызстандык жаран да отурат, аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Орусия ИИМинин Новосибирск облустук башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын айтымында, Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ 7-октябрда Хилокский базарынын жанында болгон. Базарда жашылча-жемиш саткан кыргызстандыктар акча опузалап жүргөн Тамерлан деген адамдын уюшкан тобуна каршы чыгып, мушташкан. Мушташта травматикалык курал колдонгондуктан, бир нече киши жаракат алган. Беш кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн, алардын экөө ооруканага жаткырылган.

Бул окуяга байланыштуу полиция “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: