АКШдагы Иллинойстун кичинекей тургуну эки үйдү өрттөп, беш кишинин өлүмүнө себепкер болгон деп штаттын прокурору Грег Мингер тогуз жашар балага айып койду.
Өрт түнкү 11лер чамасында чыккан. Өрт өчүргүчтөр тез эле келсе да, от-жалын бүтүндөй үйдү каптап кеткен. Сөөктөрдү сыртка алып чыгышканда, бардыгы ис баскандан көз жумганы анык болду. Жыгачтан жасалган мобилдүү үйлөрдөн 69, 34 жаштардагы чоң кишилер жана 2 жаштагы эки, бир жаштагы бир наристе көз жумган. Эми тогуз жашар бала эркинен деле ажыратылбайт. Бирок беш жылга сыноо мөөнөтү берилип, психологдордун колунан өтмөкчү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ