Menu

Эмнеге Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн бөлүмдүн башчысы Нурлан Амангулов ок чыгарды?

Бөлүшүү:

Кечээ кечки саат сегиздер чамасында Бишкек ШИИБисине Масалиев-Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки белгисиз киши мушташып жатканы жөнүндө кабар түшкөн. Көрсө, ал эки эргул машинелери менен жол талашып кетишкен экен. “Тойота Камринин” айдоочусу Бишкек ШИИБсинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов унаасынан түшүп, жол бошотуп коюуну, жумушуна шашып жатканын айтат. «Тойоты Ремикстин» 1994-жылы туулган айдоочусу Ж.А. сөзүн укпай, айтыша кетишет да, Нурлан Амангуловду бет талаштыра коюп калат. Анан ал жигиттин колунда бир нерсе пайда болот. Ошондо Амангулов чочуп кетип, травма кылчу тапанчасын алып чыгып, асманга атат. Тигил коркуп кетип, машинесине олтуруп, кетип калган экен. Кийин Ж.А. сол колунун жарааты боюнча ооруканага кайрылган. Бишкек Ленин райондук ИИБсинде “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: