Бүгүн парламентте Кой-Таш окуясы каралбаса дагы, сөз алып сүйлөгөн депутат И.Карамушкина долуланып, ал окуя боюнча бардык иштер мыйзамсыз болуп жатканын айтып, президенттин кабыл алуусун, өлкөдө эмне болуп жатканын түшүндүрүп берүүнүн талап кылды. Кайрадан парламентти “Атамбаевди колдоп келгенсиңер, сатып кеттиңер” деген баягыл эле сөздөрүн жаадырып күнөөлөп алды. Депутатар Айнуру Алтыбаева менен Аида Касымалиева курман болгон жоокерди, анын энесин айтып, “а сиз телефонумду тартып алышты деп жүрөсүз” деп кагып коюшту. Карамушкина регламент бузулуп жатканын, анын сөзүнө эч ким комментарий бербеши керектигин айтып, дагы сөз сураганда, спикер Дастан Жумабеков микрафонун өчүрүп койду. Ирина Карамушкина демонстрация кылгандай жыйындан чыгып кетти. Кыргыздын сөзү бар беле: “Долу катындын добулбасы күч” деген, ошондой эле болду окшойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ