Miss Virtual Kyrgyzstan деген сынак уюштурулуп, эл онлайн добуш берип олтуруп, Наоми деген бийкечти тандап алышты. Эми 29 жаштагы сулуу Miss Virtual World эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан катышат. Кыз юридикалык академияда окуйт, бийге кызыгат, сулуулук тармагында иштейт.
“Мен өнүгүп-өсүп тургум келет. Өзүмдү моделдик бизнестен сынап көргүм бар”, – дейт Наоми.
Miss Virtual World конкурсунун таажысын кийүү үчүн дүйнө жүзү боюнча 20 сулуу тандалып алынат. Добуш берүү inDriver мобилдик тиркемеде жүрүүдө. 20-октябрда жыйынтыгы чыгат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ