Баткен облусунун Лейлек районунда тажик туугандардын акырын кыргыз чегине кирип келатканы уланып келет. Бул тууралуу райондун бардык айылдык кеңештеринин эл өкүлдөрү чогулган жыйында айтылды.
Жергиликтүү депуттар Тажикстандын жарандары биздин жерлерге курулуш жасап, жер иштеткенин токтотпой жатканын талкуулашты.
“Максат айылында тажик жараны Кыргызстандын жерине мыйзамсыз үй куруп алды, эми жолдун жээги менен тосмо тургузуп жатат. Эми эртең алар жолдун жарымы биздики деп айтып чыкпайт деп ким кепилдик берет? – деди Кулунду айыл кеңешинен келген Шайырбек Орозалиев, – Мындай абал бардык айылдарда бар. Коңшуларыбыз кыргыз жерлерин мыйзамсыз өздөштүрүп жатышат. Унчукпай олтура берелиби? Алар алгач жер иштетимиш болушат, анан курулуш башташат”.
Лейлектен чыккан үндөр бийлик башындагыларга качан жетет болду экен, ыя?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ