Menu

Марс Сариев, саясат таануучу: “Атамбаевди саясатка аралаштырбоо үчүн чет өлкөгө чыгарып ийиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

– Марс Осмонкулович, Атамбаев чоң саясатка кайтып келе алабы?

– Өлкөдөгү процесстерге олуттуу таасир эткенге экс-президенттин ресурстары жок. Анан калса, Атамбаевдин тушунда түрмөгө отургузулган Өмүрбек Текебаев аз күндө биротоло бошоп чыгат болуш керек. Жакында эле дагы бир «революционер» Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келди. Бул эки саясатчы тең Атамбаевди колдошпойт. Алар оппозицияда калышат, бирок, бул конструктивдүү оппозиция болот. Текебаевдин максаты – реалдуу саясатка кайтып келиш үчүн акыркы шансын пайдалануу. Ал башкалар сыяктуу эле парламенттик шайлоого активдүү даярданат. Анын башка саясый күчтөр, анын ичинде Атамбаевдин тарапташтары менен альянс түзүшү өтө күмөн.

«Биринчи президент Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келет» деген сөздөр Атамбаевди дагы да изоляция кылуу максатында чыгарылып жатат. Аны бүт ресурстарынан ажыратып жатышат. Менимче, ал биротоло утулду. Коюлган баардык айыптар боюнча ал өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн, бирок, мындай катуу чарага барышпайт го. Канткен менен Атамбаев олуттуу фигура, соодалашууга барат болуш керек. Аны «саясатка активдүү аралашпайсың» деген шарт менен чет өлкөгө чыгарып ийишет болуш керек. Ырас, бул үчүн кабыл алуучу өлкөнүн макулудугу керек, бирок, мындай вариантты жокко чыгарууга болбойт.

– Атамбаевдин уулу анын ордун ээлей алабы?

– Жок, ал өтө эле жаш. Ал саясатка аралашуу менен чоң ката кетирип, келечегин тобокел астында калтырып жатат. Аны бирөөлөр өз максатына пайдаланып кетүүлөрү мүмкүн. Ал жалгыздап аракет кыла алмак эмес, анын кураторлору бар.

– Кимдер мисалы?

– Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана азыркы бийликтин оппоненттеринин калган күчтөрү.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: