Menu

Видео –  Ырыс Окенова, режиссер:  «Мен «Азаттыкты» калп жазып, жалган маалымат таратканы үчүн сотко берем»

Бөлүшүү:

КТРКда көп жылдан бери режиссер болуп иштеп келген Ырыс Окенова ал жерден жетекчиликтин кысымынан улам жумуштан бошогонун бүгүн, 10-октябрдагы журналисттерген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, анын кызматтан кетүүсүнө “Ким макул” аттуу телеберүүсү себеп болгон. Ал берүү «Бүгүнкү күндө “Манаска” болгон мамиле кандай?” деген темада уюштурулган. Тилекке каршы, ал берүү  жетекчиликке жакпай калыптыр. Эртеси Ырыс Окенованы КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу кабинетине чакырып алып, “Манасты канча адам тааныйт деп ойлойсуз? Ким тааныйт? Дегеле “Манасты” талкуулоонун кажети бар беле?”, – деп нааразы болгон. Ошондон кийин Океновага карата кысым боло баштаган. Андан тышкары, режиссер жетекчилик менен буга чейин да пикир келишпестик жаралганын айтты:

Мен былтыр 2018-жылы 23 бөлүктөн турган “Ак шоола” аттуу телесериал тарткам. Ага мамлекет бир дагы сом бөлгөн эмес, ал КТРКдагы рекламанын эсебинен тартылган. Тилекке каршы, рекламаны каржылаган тарапка КТРКнын жетекчилиги ээлик кылбайт экен, алар эмне десе ошону кылат экен. Ал сериалган Жайнаков кайдигер мамиле кылып калды. Анткени “Азаттык” медиасы телесериал боюнча туура эмес маалымат жазып жиберген, алар “Ак шоола” сериалына “250 миң доллар бөлүнгөн”, – деп калп жазып, терс пикир жаратышкан.  Аны “Азаттыктын” Албина Сулайманова деген журналисти  жазган. Жалган, калп маалымат таратканы үчүн мен аларды өз учурунда сотко берейин десем,  жетекчилик кийлигишип бердирбей койгон. Мен эми “Азаттыкты” сотко берем, анткени алар жалган, калп маалымат таратты, ошон үчүн жооп бериши керек!”, – дейт Ырыс Окенова.

Эскерте кетсек, КТРКнын директору болуп Жайнак Үсөн уулу ушул жылдын 6-мартында дайындалып, 19-мартта кызматка киришкен. Ал Байкоочу кеңештин добушу менен 4 жылга шайланган.

Ырыс Окенованын жыйындагы айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: