Menu

Шайлоо – 2020: 9%дык босого саясый туңгуюкка алып келет

Бөлүшүү:

Мындай ойлорун экс-спикерлер кеңеши айтып, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго, анын иниси Асылбек Жээнбековго (?), Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, бүтүндөй Жогорку Кеңешке кайрылуу жасап, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизип, партияларды парламентке өтүшү үчүн босого пайызын төмөндөтүүнү сунуш кылышты. Буларды мурдагы төрага Ишенбай Кадырбеков ачыкка чыгарды. “Биз мурдагы босогону калыбына келтирели деп жатабыз.  7% абдан туура. Бул биздин башкы талабыбыз. Антпесек саясый туңгуюкка кептелебиз. Парламентке эки гана партия өтүп, үчүнчүсү “жөн эле” номиналдуу болуп калат. 180 миң добуш алуу – өтө көп, ал эми 179 миң добуш алган партия өтпөй калат экен. Анда эле бир жарым миллион шайлоочунун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке кирбей калат. Эгерде оппозиция сыртта калса, жакшылыкка алып келбейт. Түшүнүп турам, абсолюттуу бийлик башты айлантып коёт, бирок дагы бир жолу ойлонолу – 9 пайызды киргизсек, анда 2 млн 300 миң кишини түзүп – туруктуу электорат гана калат, андай болбошу керек”, – дейт Ишенбай Кадырбеков.

Экспертер да 9% босогону колдошпойт. Кээ бир саясатчылар шайлоо күрөөсүн да азайтууну сунуш кылууда. 2020-жылдагы шайлоодо ал – 5 млн сомду түзөт. Аны 1 млн сомго түшүрүүнү каалашат экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: