Бүгүн, 10-октябрда депутат айым Элвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасына бир чети тамашалап, бир чети сөз таштап минтип жазыптыр: “Эки байкешага (саясатта 20 жылдан бери жүрүшөт): “Жаштарга жол бошотпойсуңарбы?” – дедим. Бири: “Күтпөй эле койгула, андан көрө өлүп калганым артык” десе, экинчиси: “Жаштар эти жок борщтун сорпосуна окшош, даамсыз”, – дейт. Мен 40 жашка чыгып алып, “жаш саясатчы” деп аташкандарына уялам. Кыскасы, жакын арада өзгөрүү күтпөй эле койсок болот экен”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ