Ысык-Ата районундагы Кант шаарында окуучу кызды зордуктоого аракет жасаган адам изделип жатканы тууралуу бүгүн, 10-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алдардын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Ата РИИБге М.С. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анын арызында 8-октябрда, эртең мененки саат 08:55 чамасында Кант шаарындагы үйдүн подъезддеринин биринде өспүрүм кызын зордуктоого аракет кылган адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факт Жазык кодексиндеги 39-161-берене (зордуктоого аракет кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда милиция кызматкерлери кармоо үчүн ыкчам иш-чараларды көрүп, иш жүргүзүүдө
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ