ЖК депутаттары КР менен Ислам өнүктүрүү банкы, “КРдагы адал эт паркы” долбооруна негиз болчу техникалык-экономикалык даярдык үчүн техникалык жардам көрсөтүүгө грант бөлүү жөнүндө жеке сектордун өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун карашты. Буга 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган. Бул тууралуу ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов маалымат берди.
Азыр Кыргызстанда 69 касапкана катталган. Бирөөсү дагы заманбап эмес.
Долбоорго ылайык, донорлор 380 миң доллар чыгарышат, кыргыз тарап 50 миң доллар берет. Ал каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга жөнөтүлмөкчү. Бардык иш-чаралар аткарылган соң, адал эт паркын куруу үчүн тийиштүү жер тилкеси аныкталат.
Талкуудан кийин депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөтүштү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ