Menu

Темир Сариев, “Ак Шумкар” саясий партиясынын лидери: “Ак Шумкар” шайлоого сөзсүз барат, сүйлөшүү жүрүүдө, биригебиз”

Бөлүшүү:

– Темир Аргембаевич, сизди акыркы учурларда тоо-таштарда, марафондордо чуркап жүргөнүңүздү көрүп калып жатабыз. Спортту таштабайсыз. А саясатта кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Саясатчы катары мамлекеттин коомдук турмушуна, саясатчылар менен ар кандай маселелер боюнча жолугушууларга активдүү эле катышып жатам. Орчундуу окуялар боюнча ойлорумду сурап чакырышкан гезит-журналдарга, теле-радиолорго барып айтып, талкууларга катышып келем. Форумдар, тегерек үстөлдөргө катышып, тажрыйбаларым, көз караштарым менен ой бөлүшүп турам. Жакында эле Алтаизм боюнча тегерек үстөлгө, ЕАЭБ боюнча жумалыкка, «Агахан» фондусу менен технологиялык парк уюштурган санариптештирүү багытындагы эл аралык эксперттер катышкан чоң форумга катыштым. Анан, албетте, массалык спорт багытындагы оюндарды да унутта калтырбайм. Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча мелдешке катыштым. Бул аракеттер сергек жашоого үндөө, популярлаштыруу, үлгү болуу багытында. Экинчи дагы жакшы жагы өзүңдү-өзүң сергек алып жүрүп, чоң жарыштарга даяр болууну шарттайт.

– Саясый чөйрөдө «парламент мөөнөтүнөн мурда тарайт, кышта шайлоо өтүшү мүмкүн» деген айың кептер айтыла калып жатат. Парламенттин тарашын колдойсузбу?

– Парламенттин иштөө мөөнөтүнүн бүтөрүнө бир жыл калды. Биринчиден, ушундай убакта парламентке кезексиз шайлоо өткөрүү бир топ сын-пикирлерди жаратат. Экинчиден, парламент азыр өзү эле тарап кетпейт. Мындай эрдик кыла турган буларда мүмкүнчүлүк жок. Конституция боюнча парламентти таратып жиберүүнүн үч жолу бар: биринчиси, эгер алар үч жолу өкмөттү курай алышпаса, анда президент парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялаганга мүмкүнчүлүгү болот. Экинчи жолу, парламентке ишенбестик көргөзүү аркылуу таратат. Бирок, муну кийинки жолку Өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кыйындатып койгон. Үчүнчүсү, парламент өзүн-өзү таратат. Бүгүнкү күндө эң эле реалдуусу үчүнчү вариант. Бирок, бул кадамга парламент барышы кыйын. Барбайт дагы. Эгер өйдө жактан эле түрткү болбосо, көбүнө тарап кетүүнүн кереги жок. Саясат талаасында негизги оюнчулардын бири мамлекет башчысы. Ошол киши себеп болуп, таратып жиберсе гана тарайт. Бирок, билип коюшубуз керек, парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу, кезексиз жаңы парламенттик шайлоо жарыялоо – бул саясый талаанын курчушуна, талашына алып келет. Шайлоо процесси – бул дагы саясый атаандаштыктын курчушун жаратат. Муну биз так түшүнүүбүз керек. Ким ушуга кызыкдар болуп жатат? Парламент кызыкдар эмес. Ал эми бийлик жак кызыкдар болушу мүмкүн. Анткени, кезексиз шайлоо болсо, шайлоо мөөнөттөрү 3төн 1ге кыскарат. Дагы бир жагы, көп саясый күчтөр шашылып калышат да, даярдыгы жакшы болбой, утулушат. Бийликке бул учурлар ыңгайлуурак. Анткен менен мындай жол шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого, чыр-чатак, талаш-тартышка алып келет. Катышып, өтпөй калган партиялардын оппозициялык маанайга өтүүсүнө түрткү берет.

– Азырынча шайлоого барарын эки гана партия жар салды. Калгандары деле карталарды таратып болгону, тизмелерин тактап койгону айтылууда. Бул нерсе «кезексиз шайлоого даярбыз» дегенди түшүндүрбөйбү?

– Мен ойлойм, сүйлөшүүлөр эми гана башталып атат. Менимче, бийликке да жеңил багыттарга азгырылбай, шайлоону өз мөөнөтүндө, таза өткөрүү маанилүү. Келген парламентти катышкан партиялар да, эл да таанып, анын отурганы бекем болгонун баарыбыз каалайбыз. «Бийлик үч партия менен барат экен» деп жатышат. Бардык саясатчылар, «бийлик менен ыкташам, кызматташам» дегендеринин баары үч партияга батпайт. Сөзсүз түрдө нааразылык чыгат. Конституциябызда парламенттик оппозициянын орду каралган. Күчтүү бийлик сөзсүз түрдө парламенттик оппозиция болушун каалайт. Канчалык ачык-айкын өтүп, парламенттик оппозиция күчтүү болсо, бийлик да күчтүү болот. Анүстүнө шашылыш өткөргөн шайлоолордун жыйынтыгы эмне менен бүткөнүн деле көрбөдүкпү. 2005-жылы «Алга Кыргызстан» саясый партиясы утуп келип, аягы 2005-жылкы март окуясы менен бүттү. 2007-жылы «Акжол» партиясы келип, бийлик «мына, эми мен отурдум, бекидим, баарын өз колума алдым» деген учурда да аягы барып 2010-жылкы апрель окуясы менен бүттү го. 2010-жылы болмок, 2009-жылы мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрө калып, «мен дагы 5 жылга бекип алдым, эч ким даярдана электе» (анткени ал күтүүсүздөн шайлоо жарыялап жиберген) деп жатканда, жыл узабай эмне болду?! Кесепети 2010-жылкы апрель окуясы менен бүттү. Эгер биз чын эле мамлекеттүүлүктү, мамлекеттик бийлик бутактарынын

түптөлүшү мыйзамдуу болсун, алардын ыйгарым укуктары элдин добушу менен бекитилсин, аны эл таанысын, күчтүү парламент, күчтүү бийлик болсун десек, мыйзамдарды коргоп, тайкы сясаттан кетип, күчтүү саясат жүргүзүшүбүз керек. Элдин астына чыгып, ачык эле кыйынчылыктарды айтып, кыла турган иштерди санап турса, эл деле түшүнүп, колдоп кетет. Саясат жүргүзүүгө да, рефомаларды ишке ашырууга да жеңил болот.

-Сизче, бул жолку шайлоодо канча партия келет жана кимдер болушу мүмкүн?

– Эгер 9 пайыздык босого калса, 6-7 партиянын келиши кыйын. Анткени, 9 пайыздык босого – бул абдан жогорку чек. 3-4 гана партия босогону аттап калышы мүмкүн. Ошондуктан, партияларды ирилештирүү жүрүшү керек. Кимдер келерин азыр айтыш кыйын. Бийлик болгондон кийин бийликке ыктаган 1-2 партиянын өтүү шансы болот. Азыркы чакырылыштагыдай долбоор партияларды алып келгенге да аракеттер болот. Бирок, сын көз караш менен карап турган да электорат бар. Нааразы болуп, реформалардын кечигип, чоң өзгөрүүлөрдүн болбой жатканын айтып, алар да бир партияны колдойт. Айтор, ушундай күрөш жүрөт.

– Сиздин партия шайлоого барабы же биригүүлөр болушу мүмкүнбү?

– «Ак Шумкар» буюрса шайлоого сөзсүз түрдө катышат. Сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жана айтканымдай, биз азыр кандайдыр бир ирилешип биригүүгө барбасак болбойт. Биригүү сөзсүз болот. Биз эле эмес, бийлик деле 2-3 партияны ыкташтырып сүрөгөнгө даяр болуп турат. Бул шайлоо башка шайлоолордон айырмаланып, партиялардын биригүүсүнө алып барат. Буга 9 пайыздык босого мажбурлайт.

– Биригүүлөр кандай шартта ишке ашат? Идеялашпы, же каражат жагына басым коюлабы?

– Биздин партияны баары жакшы билет. Принципиалдуу позицияларыбыз бар. Биздин позицияларга төп келген партиялар менен сүйлөшүүдөбүз. Азыр аттарын атабай турайын, убакыт бар дагы. Эң башкысы, эптеп-септеп депутаттыкка өтүп келүү максатын көздөбөйбүз. Биз келсек, өнүгүү жолундагы кыла турган кечиктирилгис өзгөрүүлөр, реформалар боюнча көз караштарыбыз дал келген, мыкты күч болуп келип, Кыргызстанды алдыга реалдуу сүрөй турган долбоорлорду колдойбуз, ишке ашырабыз.

– Өткөндө Убактылуу өкмөт мүчөлөрү баарыңыздар президент Жээнбековдун кабыл алуусунда болдуңуздар. Коомчулукка айтылбаган дагы кандай сүйлөшүүлөр болду?

– Биз менен жолугуу демилгеси президенттик аппарат жактан болду. Президент «Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп, пикир алмашайын» деген экен. Биз саясатчы болгондон кийин жолугушууда коомдук-саясый акыбалды талкууладык. Эмки жылы апрель айында апрель окуясынын 10 жылдыгы болот. 10 жылдык датаны кандай өткөрөбүз? Андан берки басып өткөн жолубуз кандай болду? Алдыга койгон максаттарга жетиштикпи? Окуялардын чыгышына эмне себеп болду эле?” Ушул жагдайларды өзүбүзгө сабак болгондой кылып китепке түшүрүү, мааракени өткөрүү жолдорун талкууладык. Андан сырткары, саясый-экономикалык, социалдык багыттар боюнча ар кимибиз өз сунуш-пикирлерибизди айттык. Президент дагы кээ бир багыттар боюнча маалымат катары өзүнүн ойлорун ортого салды. Жолугушууда ушундай маселелер тууралуу сөз болду. Жашыра турчу эч нерсе жок.

– Жээнбековдун келгенине эки жыл болуп калды. Бийлик тараптан сизге иштешүү сунуштары болбодубу?

– Биз бир нече жолу жолугуштук. Жеке да жолугушуп, бир топ ой-пикирлерди айтыштык. Калганын убакыт көргөзөт.

– Темир мырза, эки күндөн бери Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда саясатчы лидерлер Текебаев, Бабановдун Атамбаевдин уулу менен түшкөн сүрөт талкууланып бүтпөй жатат. Бул көрүнүшкө кандай баа берет элеңиз?

– Тойдо жолугушуптур алар. Той үстүндө сүрөткө түшүшүптүр. Текебаевдин билдирүүсүн окудум. Мындан саясат издөөнүн деги кажети жок.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: