Menu

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Вице-президентинин Улук кеңешчиси менен жолукту

Бөлүшүү:

Шейшемби, 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТРнын Вице-президентинин Улук кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргыз-Түрк Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-отурумун ү.ж. 21-22-ноябрында Түркиянын Анкара шаарында өткөрүүнү аныкташты.

Ошондой эле тараптар Өкмөттөр аралык комиссиянын Протоколун жана ага тиркеле турган Иш-аракеттер планын сапаттуу даярдоо боюнча макулдашышты. Аталган Иш-аракеттер планында айкын маселелер, аларды ишке ашыруу үчүн мөөнөттөр жана индикаторлор коюлат. Кабыл алынган документ эки өлкөнүн бир гана соода-экономикалык тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пландарды чагылдырбай, ошондой эле инвестиция, маданий-гуманитардык жана башка тармактарды дагы камтыйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: