Бизден алты кийим тигүүчү компания катышып, эл аралык “Балдар жана өспүрүмдөр модасы. Келечектеги энелер үчүн кийим” деген көргөзмөгө барышты.
Кыргыз ишканалардын төмөнкүдөй соода маркасы бар: Evelen, Modniki, Irish. Ko, Selina Style, “Мисс Стильняшка”, Svetlanka-Moda. Бул көргөзмөгө үчүнчү жолу барып катышып жатышат. Кыргызстанда тигилип, балдарга, өспүрүмдөргө жана кош бойлуу келиндерге арналган кийимдер эч кимди кайдыгер калтырбады. Төрт күндүн ичинде көргөзмөнү 12 миң киши көрүп кеткен. Бул көргөзмөгө 26 өлкөдөн 400дөй компания катышып олтурат. Көргөзмөдө жаңы келишимдери түзгөнгө, жаңы кардарларды тапканга өбөлгө болот. “Кыргыз Республикасындагы сооданы алга жылдыруу” программасын Швейцария өкмөтү каржылайт. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 400 млн швейцардык франкка техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ