Menu

Владимир Зеленский 14 сааттык пресс-марафон өткөрдү

Бөлүшүү:

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 10-октябрдагы басма сөз жыйыны 14 саатка созулуп, ал «пресс-марафон» деген аталышка ээ болду.

Мамлекет башчынын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу Киевдеги «Фуд маркет» тамактануучу жайында өттү. Ага ондогон журналист суроо берип, көбүнчөсү анын АКШ президенти менен болгон сүйлөшүүсүнүн айланасындагы талаш-тартыштарга жана Донбасстагы абалга байланыштуу болду.

Зеленский бул суроолорго жооп берип жатып, ал Украинанын Кошмо Штаттардын ички саясатына аралашуусун каалабай турганын айтып, телефондук сүйлөшүү маалында Трамп ага эч кандай басым кылбаганын билдирди.

Донбасс жөнүндө айткан украин лидери анын эң башкы максаты – тынчтыкка жетишүү экенин баса белгиледи.

Өздөрүн «ДНР» жана «ЛНР» деп атап алган аймактарга өзгөчө макам берүү каралган «Штайнмайер формуласы» аттуу документ Украинада жапырт нааразылыктарды жаратууда. Зеленский «жаңы майдандан» коркпой турганын белгилеп, тиешелүү мыйзамга кол коюлмайынча, «ДНР» жана «ЛНРге» өзгөчө макам берилбей турганын билдирди. Зеленскийдин айтымында, бул маселе «норманд форматындагы» саммиттен кийин чечилет, бирок ал үчүн тараптар Украина чыгышындагы күчтөрүн артка кайтарышы керек. Зеленский бул үчүн жоопкерчиликти жикчилдерге жүктөп, алар аскерлерин алып кетпей жатканын айтты. Ошол эле маалда ал Крым маселесинин «норманд форматында» талкууланышын каалай турганын кошумчалады. Ал бул окуялардын бардыгы 2014-жылы жарым аралдын аннексиясынан кийин башталганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Донбасстагы аскерлерди артка алып кетүүнү Украина кечеңдетип жатканын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: