ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн жана Бишкек ШИИББдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
5-октябрь күнү “102” кызматына жашы жете элек өспүрүм кыздын зоордукталгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн.
Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге тез арада жетип төмөнкүлөрдү аныкташкан, 5-октябрь күнү саат 18:00дон 19:00го чейинки аралыкта азият улутундагы болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам Бишкек шаарынын Шопоков көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинен 2007-жылы туулган жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган.
Аталган факты Свердлов РИИБдин КЖБРге Кыргыз Республиксынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек ШИИББдин жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшкөн ыкчам -иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстан Республикасынын 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу жараны кармалган. Ал курулушта иштеп, Бишкек шаарынын аймагында убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.
Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ