Menu

Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына элчиликтин кызматкери Тимур Саралаев жазып чыкты. Анын айтымында, Малахов телеберүүсүндөгү сөзү үчүн уялып калганын, чоң сабак болгонун белгилеп, Кыргызстан менен кызматташууну каалап турганын айткан.

Эсиңерде болсо, А.Малаховдун телеберүүсү 2019-жылдын 8-июлундагы автокырсыктан каза болгон Александр Маруговдун өмүрүнө арналган. Анын атасы миллионер – Владимир Маругов. Күнөөлүү катары Москвадага такси айдаган кыргызстандык Исламбек Акбаров өтүүдө. Кенже Маругов мотоцикл менен баратып, таксини барып сүзүп калып, каза болуп калган.

А.Малахов телеберүүсүндө: “Рулда башка өлкөдөн келген 20 жаштагы балакай олтуруптур, иштегенине болгону эки ай болгон экен. Ага 100 миң доллар берип койсоң, ал үй-бүлөсүн, бүтүндөй айылды, туугандарын бактылуу кылат, 10 доллар айлык алганча, өмүрүнүн аягына чейин иштебей койсо да болот”,- деп айткан. Бул кыргызстандыктардын намысына тийип, соцтармактарда Малахов далайлардын каарына калды эле. Кийин ал телеберүү аркылуу кыргыз тилинде расмий кечирим сураган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 67 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: