Menu

Ашхабадда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын ТИМ Башчыларынын жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 10-октябрда Ашхабад шаарында КМШ ТИМКнын жыйынынын аянтчасында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар регионалдык туруктуулук жана коопсуздук, интеграциялык процесстер жана экономикалык кызматташтык, маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүү маселелер боюнча пикир алмашты.

Министр Ч.Айдарбеков ар тараптуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүү, региондо коопсуздукту камсыз кылууну өнүктүрүү, ошондой эле азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен күч-аракеттерди мындан ары консолидациялоого багытталган кызматташууну активизациялоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Ошондой эле кыргыз тарабы экологиялык  коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине көңүл бурду жана бул контекстте Кыргыз Республикасында жайгашкан уран калдык сактагычтардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен ишти улантуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: