Бүгүн, 11-октябрда КСДПнын мүчөсү Алга Кылычовдун кайда экени айтылды. Буга чейин анын туугандары, тарапташтары аны таппай жаткандарын билдирген. Ал Бишкек СИЗО – 1ден Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.
Эскерте кетсек, Алга Кылычов 7-8-августагы Кой-Таш окуялары боюнча кармалып, 9-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1ге камакка алынган.
Акыркы учурларда Алга Кылыч тергөө менен кызматташууга барып, абактын “закрывашка” бөлүгүнө которулганы боюнча сөз жүрүп жаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ