Menu

Икрамжан Илмияновдун кылмыш иши боюнча сотто эмнелер каралды?

Бөлүшүү:

Икрамжан Илмияновдун кылмыш иши боюнча сотто негизги күбөлөрдү бири – президент аппаратынын кызматкери Чыныбек Анарбек уулу 150 миң доллар боюнча фактыны тастыктарын билдирди.

Анын айтуусу боюнча, КСД партия штабында иштеп жүргөнүндө ага Эмил Арстанбек уулу деген жаран кайрылып, “Бишкек” СЭЗинде токтоп турган жүк ташуучу машинелерди чыгарып берүүгө жардам сураган.

Күбө алгач макул болбой коет, бирок тигил аябай суранганынан, макул болуп, 150 долларды “бармак басты, көз кысты” кылмай болушат. Ал: “Акчаны штабдан эле алып, дароо Икрамжан Илмияновго бергем” дейт.

И.Илмияновдун жактоочусу Тынарбек Аскаров: “Бирөөдөн акча алганың менен И.Илмияновго бергениңди кантип далилдейсиң? Бул күбөнүн жоопкерчилиги каралышы керек” деп чыкты.

«Дизель комплект» компаниясынын өкүлү Асель Чымырбаева акчасы берилгени менен маселе чечилбегендигин айтты. Бул айым ушул эле иш боюнча бир жылдай Убактылуу кармоочу жайда жатып чыккан.

«Дизель комплект» компаниясынын жетекчиси Николай Грамович 2017-жылы анын жүк ташыган автонуааларын болбогон шылтоо менен токтотуп коюшкандарын айтып, финполиция менен салык кызматында болгонун, айласы кетип, 16 млн сом айып төлөгөнүн келтирген. Аны Минскиден Белорусиянын коопсуздук кызматы сурап, ал суракка биздин УКМКнын кызматкери катышкан. Н.Грамович бул ишти жабуу үчүн И.Илмияновдун жакын кишиси менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн да тастыктаган.

И.Илмиянов ири суммадагы акча алганы 2018-жылдын октябрь айында белгилүү болуп олтурат. Дал ошошндо “Дизель комплект” ЖЧКсы УКМКга арыз менен кайрылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: