Бүгүн, 11-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу соттук отуруму Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болуп, ал жабык эшик артында өттү. Сот отурумуна аты аталып келаткан мурдагы башкы прокурорлор – Аида Салянова менен Индира Жолдубаева барып, бат эле чыгышты. Сыртта турган журналисттер экөөнө суроо узатканда, Жолдубаева жооп берүүдөн баш тартып качты. Ал эми Салянова Батукаевдин ишине байланышпаган бир нече суроолорго жооп берди.
Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ