Кечээ, 10-октябрда Чүй облусунун Жайыл районунун кызматкерлери чогуу жашап жүргөн ойношун бычак менен сайып өлтүргөн аялды колго түшүрүштү. Новониколаевка айлындагы үйлөрдүн биринин короосунан 49 жаштагы кишинин бычак сайылып өлгөн денеси табылган. Ошол замат чогуу бир үйдө турган 47 жаштагы Д.А. аттуу аял шектелип, камакка алынды. Болжолу экөө мас абалда уруша кетишип, аял эркектин денесине бир нече ирет бычак сайып жиберген. Алган жараатынан эркек каза болуп калган. Тергөө амалдары жүрүүдө
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ