2019-жылы Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны 12%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статкомитети 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бүгүн басма сөз жыйынында билдирди.
Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 83,2 миң кишини түзөт экен. Бул 12,3%га өстү дегендик. Негизи эле жыл сайын жумушсуздардын армиясы көбөйүп келатканы көз көрүнөө.Бул акыры барып ири нааразычылыктарга алып келери калетсиз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ