Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланууда.
Андан соң КМШ мамлекеттеринин башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңейтилген курамда талкуулашат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ