Menu

Орусия кылмыш дүйнөсүнүн анабашына чечен уурусу Ахмед Шалинский келеби?

Бөлүшүү:

Мындай маалыматты бүгүн, 11-октябрда “Прайм Крайм” маалымат агенттиги таратты. Кримтөбөл Ахмед Домбаев, кримдүйнөдө Ахмед Шалинский аталган чечен улутундагы ууру бүтүндөй Орусия менен коңшу өлкөлөрдөгү кылмыш дүйнөсүнүн башына келишине толук мүмкүнчүлүк бар имиш. 38 жаштагы кримтөбөл Челябинск облусунда толук 10 жыл олтуруп чыкты. Ал өзү абдан чапчаң, айтканынан кайтпаган өжөр, азыркы тапта чечен криминалынын анабашы.

Азыр орус колонияларында “смотрящий” даражасында дээрлик чечендер олтурганы айтылат, ошондуктан Чеченстандан чыккан кримтөбөлдүн “бийликке” келишине толук мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандык кримтөбөл Азиз Батукаев менен да жакшы мамиледе деген кеп жок эмес. Ахмед таажы кийсе, Кыргызстандагы кримдүйнөгө таасири тиери бышык.

Кримдүйнөдө Гули деген ысымы бар Азербайжандын кримтөбөлү Надир Салифовдун атаандаштары ага каршы жаналгычтарды жалдап же атайын кызматтардын колу менен жоготууну пландап жатышканы тууралуу да 8-октябрда айтылган.

Кыскасы, Ахмед Шалинскийдин боштондукка чыгышы менен кримдүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болгону калды көрүнөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: