Menu

Тагдыр: Кайын энем жубансың деп элдин көзүнчө басынтат…

Бөлүшүү:

“Турмуштан жаңылгам…”

Мектепти аяктап, борборго жогорку окуу жайга келип тапшырдым. Ошол жылы жигитим менен тааныштым. Экөөбүз жалпысынан 6 жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бирок ошончо жыл бирге болгонубуз менен үйлөнгөндөн кийин көпкө жашай албай, 3 гана ай жашап ажырашып кеттик. Негизи турмушка чыгаарда адамды жакшыраак билиш керек экен деп коюшат эмеспи. Мен бул нерсеге кошула албайм. Бири-бириңди 100% билем деген күндө да, адамды эч качан ошончо пайыз биле албайт экенсиң. Качан гана адам менен чогуу жашаганда гана анын чыныгы жүзү ачылат экен. Биздин ажырашуубузга негизинен кайын энем да түрткү болуп туруп алды. Үйлөнөөрүбүз менен эле Москвага кеткенбиз. Бара калсаң эле иш табыла калбайт экен. 2 ай үйдө болуп калдым. Кайын энем кечке үйдө отурат деп күнүгө уруш чыгара берип, аягында ажырашып тындык. Анын үстүнө 6 жылдан бери мени жактырбаганын жолдошума көп айтчу экен.

“Жубан экениме карабай сүйгөн адамга жолуктум”

Жолдошум менен ажырашып. Москвадан Түркияга кетип калдым. Ал жакта көп жыл иштедим. Айылга акча салып, ата-энемдин жашоо турмушун оңдоого жардам бердим. 5 жылдан кийнн чогуу иштеген, өзүмдөн кичүү жигит колумду сурады. Менин турмуштан жаңылганымды билчү. “Бардыгын унутабыз, кандай болсоң ошол бойдон кабыл алам – деди. Эгер балаң болсо балан менен деле алмакмын деп, артымдан калбай жүрүп жүрөгүмдү багындырды. Экөөбүз кыз-жигит болуп 2 жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошуу чечимине келдик. Ата-энем да турмушка чык деп көп айта башташкан. Анткени жашым отуздан ашып бара жаткан. Кыргызстанга чогуу келип ата-энелерибизге айттык. Кайын энеден жолум жокпу, айтор бул сапар кайын энем мурдагымдан да өзгөчө жаман көргөн эне болуп чыкты. Анткени мен жубанмын. Жолдошум үйлөнө элек, менден кичүү. Бирок жолдошум баары бир үйлөнөм деп баш коштук. Үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгондуктан кайын энем менен чогуу жашап калдык.

“Кайын энем эл көзүнчө жубансың деп…”

Жашаганыбызга бир жыл болгондо эле төрөбөгөн аял турбайбы, өзүңдөн жаш кыз алсаң эмне болот эле деп күн сайын жолдошумду урушчу адат тапты. Оту менен кирип күлү менен чыгып, ошол жактан кетпей калайын деп тырышып жашай бердим. Кудай буюруп боюма болуп, уулдуу болдук. Бирок апамдын мамилеси өзгөрө элек. Эл чогулганда, той-топур болгондо “Жөн жашасын, күлгүндөй баламдын башын айлантып тийип алган, бул жубан” – деп кайра-кайра баса белгилеп, ачыктан-ачык басынтат. Тилимди тишиме катып, унчукпай жашап келе жатам. Бирок тагдырды эч ким болжоп болбойт да, турмуштан жаңылайын деп ким эле ойлосун. Бардыгыбыз эле бакыт үчүн күрөшүп келе жатпайбызбы. Апама айтайын десем жүрөгүн оорутамбы деп корком. Кетип калсам үй-бүлөм экинчи жолу мени кечире алышпайт. Анын үстүнө ажырашуунун азабы кандай экенин билем. Баламдын көзүн жалдыратып кайсы жакка барам? Өмүр бою чыдаганга макулмун, бир гана эл көзүнчө мени жубан дегенин токтотсо деп тилейм.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: