Menu

ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду, Тазабек Икрамов коло медаль тагынды

Бөлүшүү:

Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында башталган (13-октябрда жыйынтыкталат). Ага ИИМдин мурдагы министри, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев барып, катышып, дүйнө чемпиону болду.

Ал кечээ, 11-октябрда 56 жаштан 60 жашка чейинки курактагы, (Е категориясындагы) 78 килограмм салмактагы балбандар менен күч сынашып, төрт жолу таймашка чыгып жеңип алды. Ал эң биринчи ирандык Гасем Мохаммад менен, андан кийин украиналык Сослан Адыхаев менен беттешип, жеңип жарым финал чыкты. Жарым финалда казакстандык Турпарали Сулиминов менен таймашып, аны да жеңип финалга чыкты. Финалда АКШнын балбаны Жорж Бредли Шварц менен күрөшүп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев буга чейин эки жолу (2016-ж., 2018-жылдары) эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, коло медаль алган.

Учурда жүрүп жаткан чемпионатка биздин мамлекеттен бир топ адамдар барып татыктуу орунга ээ болушту. Алсак, грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Бердикул Караев (56-60 жаштагылар арасында, 88 кг.) күмүш. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (41- 45 жаштагылар арасында, 70 кг.) коло медаль алып. кечээ, 11-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: