Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Президент Жээнбеков: “Мен сунуш кылган кызматка сиз барбайсыз” – деди”

Бөлүшүү:

– Азимбек агай, президент Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу боюнча маселе көтөрүпсүз. Ал демилгеңиз колдоого алындыбы?

– Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Ошон үчүн президент менен болгон жолугушууда Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу сунуш киргизип, экс-президентти үй камагына коё берип, аны кайтарууга алынган “Ала-Арча” мамрезиденциясынын аймагына жайгаштырууну сунуш кылдым. Кантсе да ал биздин мурунку президентибиз да деген ойдо.

Бирок бул сунушту Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү колдошкон жок. Президент Жээнбеков болсо: “Мен аны каматайын деген оюм болгон эмес. Тергөөчүлөрдү үйүнө киргизбей койсо да чыдап отурдук. Өзү: «Кан төгөм. Согушам. Айдап чыгам» – деп отуруп алды. Акыры ошону кылды» – деп жооп берди.

– Сиз президентке жолугуп чыккандан кийин эле үй-бүлөңүзгө оомат келип, уулуңуз Эрнис Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдукка жумушка киргени боюнча, өзүңүздүн Малайзияга элчи болуп кеткени жатканыңыз тууралуу маалымат тарады го?..

– Биздин үй-бүлөгө оомат келип, балам укмуштуудай деле кызматка деле орношкон жок. Бакиевдин убагында мамлекеттен чыгып кеткенге аргасыз болгондон бери Түркияда жашап жаткан. Ал барчу Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугундагы кызмат сөз кылууга арзый турган деле кызматтардан эмес. Бирок ал ошол ишке да кире албай жүрөт.

Мага болсо президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ар кандай кызматтар сунушталган. Буга чейин эле өлкө башчы Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылган. Макул болгон эмесмин. Малайзияга элчи бол деген сунуш да болду. Бирок мен элчилик кызматка баруу боюнча чечим кабыл ала элекмин. Президент мага «Сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» – деди. Бирок мен биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм деп айттым. Президент менен ушул жумада жолугушам. Эки маселенин алкагында сүйлөшөм. Жолугушуунун жыйынтыгы менен Малайзияга элчи болуп барар-барбасымды чечем.

– Курултайдын башында турганыңыз үчүн Кыргызстандан алысыраак болсун деп сизге элчилик кызматты сунуштап жатышкан жокпу?

– Ооба, президенттин айрым кеңешчилери «муну бир жакка жиберели. Бул тынч жатпайт» деши мүмкүн. Президент мага элчилик кызмат сунуш кылганда, мен эгерде мага ошончолук эле жумуш бергиңиз келип жатса, өзүмдүн кесибиме жараша Кыргызстандын эле ичинен бербейсизби дедим. Ал «Мен сунуш кылган кызматка сиз барбайсыз» – деди. Мен ал эмне кызмат экенин сураган жокмун.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: