Menu

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, атактуу телережиссер жана белгилүү коомдук ишмер Умтул Орозова дүйнө салды

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, атактуу телережиссер жана белгилүү коомдук ишмер Орозова Умтул Шейшеевна 79 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру Кыргыз ССРинин Эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келип Москвадагы А.Луначарский атындагы театралдык институтунун режиссура факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун “Комсомольская Правда” газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп эмгектенген. 1980-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: