Menu

Жамшитовго дагы атайын кызматтын жоокерлери барыш керекпи?

Бөлүшүү:

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук процесске күбө катары чакыртылды. Анын өлүмүнө шектүү катары Мелис Калыков өтүүдө. Бул тууралуу шектүүнүн эжеси Дамира Калыкова билдирди. Ал башкы прокурордун соттук ишке келип, күбө катары суралышын талап кылууда. Ал өз кайрылуусунда: “Мен сизди мындан мурунку соттук процесстерге чакыргам, бирок көңүл бурбай жатасыз, бул сизге намыс алып келбейт. Сиз үлгү көрсөтүңүз жаран катары, прокурор катары!” Сизди кылмышкерлерди жашырып жаткандыгыңызга айыптап жатышат. Сотко келсеңиз айың-кептерге чекит коюлмак. Айрым маалыматтар боюнча сизди ал аңу улоого чыккандардын биринин досу, классташы деп жатышат. Сот, Жолборс Кудаяров калган 70 күбөнү соттук процесске чакыруудан баш тартып жатат. Кааласаңар өзүнөр чакырып алгыла деген. Мына мен сизди чакырып жатам” – деп билдирет. Коомчулукта күбө катары суракка келбеген Жамшитовду дагы Атамбаев сыяктуу күч менен атайын кызматтын жоокерлерин жиберип алдырыш керек деген сындар айтылууда.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: