Милиция издеп жаткан 24 жаштагы бала кармалганы тууралуу бүгүн, 12-октябрда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 10-октябрда, саат 18:35 чамасында Бишкек ШИИБге «Тойота» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу маршрутканын айдоочусунун денесине жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Мындан жарым саат мурун (10-октябрда, саат 18:00 чамасында) жабырлануучу, Бишкек шаарынын тургуну С.Т. аттуу адам аны урган белгисиз балага чара көрүүнү суранып Ленин РИИБсине кайрылган. Анын айтымында, ал «Мерседес-Спринтер» маршрутканы айдап баратып, жолдун башка тилкесине өткөндө «Тойотанын» айдоочусу аны ашып өтүп, машинасын токтотуп келип, аны бир нече жолу колу менен башка, көзгө чапкылап, муштаган.
Аталган фактынын негизинде, 65-берене (уруп-сабоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган
Урган бала издөөгө алынып, 1995-жылы туулган К.Н. аттуу бала кармалган. Ал Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 10-октябрда машрутка айдап бараткан аксакалга бир жаш бала барып кол көтөргөн видео социалдык тармакка тарап, ал кызуу талкууга алынган.
Ал бейбаш баланын жоругун төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ