Бүгүн, 12-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп кетти. Бул туурасында Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты болот, учурда ар бир мамлекеттин футболчулар арасында тандоо туру жүрүүдө. Биздин футболчулар Монголиянын футболчулары менен 15-октябрда беттешет.
Буга чейин улуттук курама командасы Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ