Быйыл, 2019-жылдын январынан август айына чейин Кыргызстанга мигранттар 1 млрд 570,5 млн АКШ долларын которгон. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкы билдирди.
Алардын айтымында, 2018-жылдын 8 айына салыштырмалуу бу көрсөткүч $173,7 миллионго кыскарган. Август айында мигранттар өлкөгө $219,4 миллион которгон. Бир айдын аралыгында көрсөткүч $5,3 миллионго төмөндөгөн, былтыр июлда – $17 миллион болгон.
Акчалай которуулардын 90 пайызы Орусиядан ($1 миллиард 539,4 миллион) келген. Көлөмү боюнча экинчи орунда АКШ – $20,8 миллион. Башка өлкөлөрдөн жалпы $9,9 миллион которулган.
2019-жылдын январь-август аралыгында өлкөдөн – $335,9 миллион акчалай каражат чыгып кеткен. Негизинен Орусияга которулган – $332,7 миллион.
2019-жылдын январь-август аралыгында өлкөдөн – $335,9 миллион акчалай каражат чыгып кеткен. Кыргызстанга 8 айда таза которулганы – $1 миллиард 234,6 миллион.
2018-жылы республикага келген акчалай которуулардын жалпы көлөмү – $2 миллиард 685,3 миллионду түзсө. Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулганы – $542,2 миллион. Таза агым – $2 миллиард 143,1 миллион.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ