Menu

Тышкы саясаттагы кадрлар парады…

Бөлүшүү:

Айтылуу бульдозер Азимбек Бекназаров өзүн жана балдарын майлуу-сүттүү жумушка орноштурууга катуу киришти. Катып-үткөн акчалары түгөнгөн окшойт. Маалымат каражаттары аркылуу бийликке ар кандай сигналдарды жиберип, бир Малайзиянын, бир Түркиянын, бир Азербайжандын аттары аталууда. Бекназаровдун айтымында, Президент өзү аны бир нече жолу чакырып, элчилик кызматтарды сунуштаган. Мындай маалыматтардан кийин серепчилер чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызматтарга дипломатияга тиешеси жок адамдар дайындалып жатат деп саймедирей башташты. Биз Сооронбай Жээнбековдун Президент болуп дайындалгандан кийин кимди
кайсы элчиликке дайындаганын тескеп көрдүк. Байкасак, алардын арасында «парашютисттер» жокко эсе.

Тизмени келтирели:

1. Жекшенкулов Аликбек, Арменияда элчи (1994-жылдан бери тышкы саясатта);

2. Отунбаев Болот, Канадада элчи (окууну бүткөнүнөн баштап эле дипломат);

3. Рустенбеков Жаныш, Тажикстанда элчи (элчи деген дипломатиялык рангга 2008-жылы ээ болгон);

4. Ниязов Мирослав, Афганистандагы элчи (тажрыйбалуу элчи);

5. Исаев Асеин, Индияда элчи (1994-жылдан бери тышкы саясатта);

6. Жумалиев Муктар, Бельгиядагы элчи (2005-жылдан баштап элчи деген дипломатиялык рангга ээ);

7. Өмүралиев Кубанычбек, Түркиядагы элчи (1990-жылдардан баштап, тышкы саясат чөйрөсүндө иштеп келет);

8. Эшимбеков Чынгыз, Катардагы элчи (1995-жылдан бери ТИМ системасында эмгектенип келет);

9. Жунусов Ибрагим, Өзбекстанда элчи (парламенттин депутаты, вице-премьер-министр,
министр болгон. 2014-жылы элчиликке дайындалган);

10. Ибраимов Эрмек, Белоруссиядагы элчи (1995-жылдан бери ТИМ системасында эмгектенип келет);

11. Адамкулова Самаргүл, Бахрейн жана Иорданияда элчи (өмүр бою ТИМ жана элчиликтерде иштеген);

12. Орусбаев Искендер, Кытайдын Гуанчжоу шаарында Башкы консул (өмүр бою ТИМ жана элчиликтерде иштеп келген);

13. Кемелова Динара, Кореяда элчи (өмур бою ТИМ жана элчиликтерде иштеген);

14. Кулубаев Жээнбек, Казакстанда элчи (2006-жылы элчи деген дипломатиялык рангга ээ болгон);

15. Арстанбаев Мирлан, Япониядагы элчи (2008-жылдан бери элчи деген дипломатиялык рангга ээ);

16. Бийбосунов Руслан, Екатеринбургдагы Башкы консул (окууну бүткөндөн бери ТИМ системасында эмгектенет);

17. Мамадалиев Калдарали, Новосибирсктеги Башкы консул (14 жылдан берки дипломатиялык тажрыйбасы бар);

18. Байсалов Эдил, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчи (жаңыдан элчи болсо да, чет тилдерди жакшы билет, чет элдиктер менен иштөө тажрыйбасы бар).

ТИМде буга чейин иштебеген жалгыз элчи Эдил Байсаловго токтоло кетсек. Байсалов кыргыз, орус, англис тилдеринен тышкары швед тилин билет экен. Кыргыз дипломатиясынын ана башында келаткан Отунбаеванын убактылуу өкмөт кезинде анын Аппараттынын жетекчиси болгону, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар экени, чет элдиктер менен тыгыз иштеген бейөкмөтчү болгону белгилүү. Жакында эле Британияда лорд Вейверли Лорддор Палатасында сөз сүйлөп, Кыргызстандын Англиядагы жаңы элчиси мактоого татырлык экенин, ал Британия Евробиримдиктен чыгып кетсе дагы, Кыргызстан үчүн ВСП+ статусун сактап калса деп жүйөлүү аргументтерди келтиргенин айтып, жылуу пикир айтканы ММКларга чыкты. Мындан улам Лорд Вейверли Палатадан ВСП+ статусун Кыргызстан үчүн сактап калуу керек деген сунушту билдирди. Демек, бул окуя Байсаловду элчи кылып дайындоо туура чечим болгонун айгинелеп турат.

Жогорудагы тизмедегилердин ар биринин өмүр баяны интернетте бар. Биринен да кыйкым таба албайбыз. Ошондукган Президенттин тышкы саясаттагы жүрүштөрү жана кадрдык саясаты колдоого аларлык. Ал эми тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков тууралуу коомчулук сыймыктануу менен гана кеп кылып келүүдө. Кайда болбосун Кыргызстандын, кыргыздын жүзүн татыктуу коргоп келүүдө.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: