Кечээ, 12-октябрдын кечинде Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин алдындагы кафеде акча талашуунун айынан жаңжал чыгып, ок атышуу менен аяктаган. Бул тууралу Орусиянын РЕН ТВ телеканалы билдирет.
Ал кафеде эс алып олтурган 5 жаранга күтүүсүз жерден эки белгисиз адам келип, кол салган.
Кол салгандардын жанында көздөн жаш агызуучу газ баллончиктер гана болгон, бирок күтпөгөн жерден аларга эс алып олтурган 5 жарандын бири жардам берип, травматикалык тапанчасы менен атып баштаган.
Алдын-ала маалыматтар боюнча кол салгандар карыз өндүрүү максатында жаңжалга барып, эс алып олтургандардын сумкасын күч менен тартып алууга аракет жасашкан. Мушташкандардын айтымында ал сумкада $500 миң болгон.
Россия ИИМинин Москва ички иштер башкармалыгы бул жаңжалдан бир адам травматикалык ок жеп жаракат алып, ооруканага жаткырылганын тастыктайт. Кол салгандардын бири милиция тарабынан кармалган.
Калган экөөсү акча салынган сумканы тартып алалбай, кафеден качып чыгышкан да метрону көздөй качып кектишкен.
Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ