Кечээ, 13-октябрда, эртең мененки 9:30да Бишкектин” Асанбай” кичирайонундагы токойчодон эркектин жансыз денесин таап алгандар телефон аркылуу Октябрь ИИБсине билдиришкен. Тергөө ыкчам тобу тез эле келип, бактын түбүндө тизелеп турган, моюнуна электр чубалгысы оролгон адамды көрүшкөн. Анын өздүгүн такташканда, 1975-жылы туулган, майрамдык иш-чараларды уюштуруп жүргөн Егор Паньшин болуп чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, соңку кездерде Егор Паньшиндин жумушта көп көйгөйлөрү болуп, карыздарга да батып кеткен экен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ