“Акыркы он жылдын аралыгында БУУ эң терең финансылык кризиске кептелди, – деп жазат швейцариялык Neue Zürcher Zeitung басылмасы. – Генералдык катчы Антониу Гутерриш эскерткендей, кийинки айда 44 миң кызматкерине айлык төлөө кыйынга турат. Өткөн аптада Гутерриш Нью-Йоркто БУУнун бүджет комиссиясынын алдында чыгып сүйлөп, олтуттуу кризиске кептелгендерин айтты. “Накталай акча каражаты жок, бүджет тийиштүү деңгээлде боло албайт” деди ал”.
Азыр 193 мүчө өлкөлөрдүн 129у гана мүчө акысын төлөшкөн. Эң көп карызы бар өлкө – бул АКШ. БУУнун 3,3 млрд бүджети бар болсо. АКШнын карызы – 674 млн доллар. Мындан тышкары мурунку жылдар үчүн Вашингтон дагы 381 млн доллар төлөгөн эмес. Сентябрдын аягына карата БУУнун бүджети 70%га гана аткарылган, ошондо мүчө өлкөлөрдөн 1,3 млрд доллар карыз түшө элек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ