Menu

Баку шаарында Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин (ТТМКК ТИМК) кезектеги жыйынына катышат. Жыйынга ТТМККга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведостволорунун башчыларынан тышкары Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто дагы катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 15-октябрында өтө турган Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын Кеңешине даярдануу маселесин талкуулашат.

КРнын Түрк кеңешине төрагалык кылуу жылында Уюмга Өзбекстандын толук укуктуу мүчө катары кошулуусу жана Уюмдун европадагы бөлүмү катары болуучу Венгриянын борбору Будапешт шаарында Түрк кеңешинин Өкүлчүлүгүнүн ачылышы көрүнүктүү окуя болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: