Menu

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун кылмыш иши: сот күбөнү сурагандан 5-жолу баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимодун сот отуруму уланды. Сот башталганда эле жактоочу Сергей Слесарев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча каржы министрлигинин жообун ишке тиркөөнү сунуштады.

Тергөө боюнча 2014-жылы К.Кулматов Бишкекке мэр болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо алкагында TBEA компаниясы эки жаңы мектеп куруп берүүгө тийиш эле. Жактоочу  каржы министрлигинин катында 2 млн долларлык грант кредиттик келишимге кирбегени, өкмөт аны ратификация кылбаганы айтылганын белгиледи. Ошондой эле бул эпизод боюнча каржы министрлигинин орун басары Мирланбек Байгочоковду кошумча күбө катары чакырууну өтүндү.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар катты тиркөөгө макулдугун беришип, бирок аталган күбөнү чакырууга каршы болушту.

Сот Кубаныч Касымбеков катты тиркөөгө макул болуп, күбө М.Байгончоковду чакыруудан баш тартты. “Бул кызматтагы тарап УКМКнын суроо-талаптарына жооп берип, кол койгон экен. Суроолор жалпы болуп калган. Эмнеге аны күбөлөрдүн тизмесине кийирген эмессиңер?” деди жактоочу. Ошентип бул күбөнү чакырууга С.Слесарев үч жолу өтүнүч кылды. Бирок мамлекеттик айыптоочулар каттар кылмыш ишинде бар экенин айтып, ал күбөнүн зарылчылыгы жок экенин айтышты. Жактоочу болбой төртүнчү ирет ал күбөнү чакыруу боюнча өтүнүч келтирип жиберди. Акыры бешинчи жолу өтүнүч кылды.

Сот өтүнүчтү бешинчи ирет да канааттандырбады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: